“Таалим-Форум” коомдук фондунун долбоору аркылуу тартылган режиссер Тилек Мураталиевдин “Купуя сөздөр” документалдуу фильми “Азаттык” радиосунун атайын сыйлыгына ээ болду. Чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!
Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылындагы таланттуу балдарга Таалим-Форум коомдук фонду колдоо көрсөтүүсүн улантууда. Мектеп окуучулары беш жыл бою кыргыз салттуу музыкалык искусствосу менен алектенишип, комуз, ооз комуз, чопо чоор ойноого үйрөнүп жатышат. 1-июнда, Балдарды коргоо күнүндө, Таалим-Форумдун координаторлору жана музыкант Нурбек Серкебаев музыкалык ийримдин катышуучуларына жолугууга жана жаңы ачылган бала-бакчанын майрамы менен куттуктап, көрүп келүүгө барып келишти. Чебер уста жана сүрөтчү Марат Берикбаевдин өрүктөн жасалган комузун музыкалык ийримдин мүчөлөрү белекке алышты. Музыка боюнча жаңы китептер, Манас жана Семетей эпосторун айткан манасчылардын дисктери, кыргыз жана чет элдик киноматографтардын көркөм тасмаларынын дисктери тартууланды. Бул тасмаларды балдар менен айылдын тургундары белекке берилген проектордун жардамы менен чоң экрандан көрө алышат, жергиликтүү мугалимдер бул жаңы технологияларды окутуу процессинде колдоно алышат.
Read more