fb n  

   

   

  • This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
  • 0 312 298681
01slider

“Таалим-Форум” коомдук фонду 2006-жылдын май айында окутуучулардын демилгеси аркылуу уюшулган.

Фонд билим берүүнүн сабак аралык жолдорун өркүндөтүүгө, жергиликтүү жана Эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу инновациялык методикаларды таратууга аракеттенет.

“Таалим” деген кыргыз сөзү – “билим берүү, тарбиялоо” дегенди түшүндүрөт, тарбия коомдук фонддун милдетин чагылдырат, ал билим берүүдө, окутууда жана үйрөтүүдө сабак аралык жолдорду, ыкмаларды өнүктүрүү демилгесин колдойт.

“Форум” деген сөз бардык бул ишке кызыккан топторду жана жеке адамдарды билим берүү, аны өнүктүрүү боюнча ачык талкууларга чакыруу дегенди билдирет.

Фонддун милдеттери:

• Семинарларды, форумдарды, жолугушууларды, тегерек столдорду, көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү аркылуу окутуунун инновациялык методикаларын, альтернативалуу педагогиканы таратуу;

• Илимий жана билим берүүгө арналган макалаларды, окуу-методикалык куралдарды жана башка басылмаларды даярдоо, басып чыгаруу жана жайылтуу;

• Сабак аралык окутуу жана инновациялык курстарды иштеп чыгуу жана аны өркүндөтүү;

• Билим берүү тармагында изилдөөчүлүк көндүмдөрдү, уюштуруучулук жана лидерлик жөндөмдөрдү өстүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;

• Билим берүүчүлүк жана изилдөөчүлүк ресурстук борборлорду түзүү жана өнүктүрүү;

• Билим берүү коомдорун түзүүгө катышуу.

Эмгек жамаатыбыз:
Генералдык директор жана түзүүчү: Алмагүл Осмонова

Байланышуучу маалыматтар:
Дареги: Бишкек шаары
Телефондору: 0-312-298-681
Электрондук почта: This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.