2016-жылдын 1-2-3-декабрында Чоң-Кемин жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан Калмак-Ашуу айылында илбирстерди коргоо боюнча биргелешкен программанын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорубуздун тоолуу аймактарындагы мугалимдер үчүн экинчи тренингибиз өткөрүлдү. Биринчи тренингибиз Памирдин тоолуу айылдарынын мугалимдери учүн Тажикстанда июль айында өтүп, мектеп окуучуларына эко-лагерь уюштурулган. Тренингди уюштуруучу – экологиялык билим берүүнү өркүндөтүү тармагында чоң тажрыйбага ээ болгон «Таалим-Форум» коомдук фонду. Тренингдер илбирстерди коргоо боюнча Силикон өрөөнү коомчулук фонду (SVCF) менен биргелешкен программанын негизинде өткөрүлдү.
Чоң-Кеминде өткөн тренингге катышуучулардын арасында мектеп мугалимдери, районо адиси, эко-клубдун жетекчиси, Кыргызстандын территориясындагы жаратылышты коргоо кызматкерлери – Сарычат – Эрташ коругунан (Ысык-Көл областы), Нарын мамлекеттик коругунан (Нарын областы), Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынан (Талас областы) жана Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынан (Чүй областы), «Өнөр булагы» коомдук бирикмесинен катышышты. Катышуучулардын географиялык жайгашышы – Кыргызстандын төрт тоолуу областтары – Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл.