fb n  

   

   

  • This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
  • 0 312 298681
01slider

2016-жылдын 1-2-3-декабрында Чоң-Кемин жаратылыш паркынын аймагында жайгашкан Калмак-Ашуу айылында илбирстерди коргоо боюнча биргелешкен программанын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорубуздун тоолуу аймактарындагы мугалимдер үчүн экинчи тренингибиз өткөрүлдү. Биринчи тренингибиз  Памирдин тоолуу айылдарынын мугалимдери учүн Тажикстанда июль айында өтүп, мектеп окуучуларына эко-лагерь уюштурулган. Тренингди уюштуруучу – экологиялык билим берүүнү өркүндөтүү тармагында чоң тажрыйбага ээ болгон «Таалим-Форум» коомдук фонду. Тренингдер илбирстерди коргоо боюнча Силикон өрөөнү коомчулук фонду (SVCF) менен биргелешкен программанын негизинде өткөрүлдү.

Чоң-Кеминде өткөн тренингге катышуучулардын арасында мектеп мугалимдери, районо адиси, эко-клубдун жетекчиси, Кыргызстандын территориясындагы жаратылышты коргоо кызматкерлери – Сарычат – Эрташ коругунан (Ысык-Көл областы), Нарын мамлекеттик коругунан (Нарын областы), Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркынан (Талас областы) жана Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынан (Чүй областы), «Өнөр булагы» коомдук бирикмесинен катышышты. Катышуучулардын географиялык жайгашышы – Кыргызстандын төрт тоолуу областтары – Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл.

баннер-барс

Памирде өткөн тренингдин максаты – Памир жана Тянь-Шань тоолуу экосистемаларын – илбирстер мекендеген аймактарды коргоо үчүн экологиялык билим берүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүү. Тренингдин программасы «Жаратылыш–Маданият–Адам» аттуу окутуу модулунун негизинде иштелип чыккан, ошондой эле илбирстерди жана ал жашаган экосистеманы коргоого арналган.

Негизги темаларды талкуулоо аркылуу тренингдин уюштуруучулары төмөнкүдөй маселелерди коюшат:

  1. Жаратылыш менен жашоо-тиричиликтин карым-катышын жана илбирстер жашаган аймакты коргоо маселесинде экосистемалык жолдордун маанилүүлүгүн көрсөтүү.
  2. Жандуу жана жандандырылган жер түшүнүгү аркылуу жер менен тыгыз байланышын үзбөгөн, ыйык жайларын сактап келген түпкү эл  ишенген көз карашта жаратылышты коргоо маселесин талкуулоо.
  3. Жаратылыш менен маданияттын кандай байланышы бар экендигин, биомаданий түркүмдүүлүктү жана салттуу экологиялык билимдерди сактоо эмне үчүн маанилүү экендигин талкуулоо жана түшүнүү.
  4. Экономика менен экологиянын байланышы жана бири-биринен көз карандылыгын талкуулоо, ошондой эле тоолуу аймактардын экономикасын өнүктүрүүнүн альтернативалуу жана туруктуу жолдорун талкуулоо.
  5. Мектеп окуучуларынын жана жергиликтүү коомдордун экологиялык аң-сезимин, маалыматтуулугун жогорулатуунун практикалык методдору менен формаларын талкуулоо.

Тренингди өткөргөн тренерлер: «Алейне» коомдук кыймылынын жетекчиси, профессор Шукуров Эмиль Джапарович, «Таалим-Форум» коомдук фондунун директору  Осмонова Алмагуль, «Ырыстан» КФнун жетекчиси Ветошкин Дмитрий.

 «Өнөр Булагы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Алтын Джанышбаева уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө, «Кыргыз эл акыл казына» тармагы, илбирстер боюнча долбоору тууралуу айтып берди. Улуттук жаратылыш парктарынын жана коруктарынын кызматкерлери өздөрүнүн иштери жөнүндо айтып беришип, фото-капкандарда жазылып калган жаныбарларды көрсөтүштү. Окутууда теориялык материалдар, талкуулар, практикалык көнүгүүлөр жана талкууланып жаткан темалар боюнча видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Бардык катышуучулар талкууга активдүү катышышты. Тренингдин акырында ар бир мугалим окутуу материалдарын – макалаларды, китептерди, видеофильмдерди, ошондой эле «Мекеним – Кыргызстан» аттуу Мекен таануу сабагы боюнча мультимедиалык 30 сабакты флеш-карталарына түшүрүп алышты.

Илбирстердин экосистемасын коргоо боюнча мектептерде экологиялык билим берүүнү өркүндөтүүнү талкуулоодо, тоолуу аймактын мугалимдерин, жаратылыш парктары менен коруктарын бириктирүүчү экологиялык тармакты түзүүнү катышуучулар сунуш кылышты. Мугалимдер жергиликтүү аймактарда экологиялык билим берүүнү өркүндөтүүдө өз райондорундагы мектептерди, жергиликтүү билермандарды жана салттуу экологиялык билимдерди сактоочуларды катыштырып бир нече иш чараларды өткөрүшөт. Мектеп окуучулары менен иш алып баруунун активдүү формалары, ошондой эле конкурстар, викториналар, КВНдер, фото мергенчилик, театрлаштырылган оюндар, семинарлар, акциялар ж.б. талкууланды.

Тренингди уюштуруучулар мектептердеги билим берүү тармактары, жаратылыш парктары менен коруктары, жергиликтүү билермандар жана эксперттер менен өнөктөшүп иш жүргүзүшсө, экологиялык аң-сезимди жогорулатууга жана жаратылышты коргоонун маанилүүлүгүн түшүнүүгө чоң таасир этүүгө болот деп эсептешет. Илбирстердин байыр алган чөйрөсүн коргоо боюнча иш чаралар, егерлердин аткарган иштери: алардын санын эсептөө, байкоо жана изилдөө иштерин жүргүзүү жумуштары жергиликтүү эл менен жандуу байланышуу, сүйлөшүү аркылуу ишке ашырылса, алардын экологиялык аң-сезими өзгөрүлөт жана жогорулайт, тоолуу аймактардын мектеп окуучулары, алардын үй-бүлөлөрү, коомчулук менен дайыма тыгыз иш жүрөт.