fb n  

   

   

  • This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
  • 0 312 298681
01slider

Жергиликтүү аймактагы билим берүү

“Таалим-Форум” коомдук фонду гуманитардык жана табигый илимдердин мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүчү комплекстүү сабак аралык жолдорду колдонгон окутуу чөйрөсүн түзүү жана өркүндөтүү иштерин жүргүзөт.
Мындай чөйрөдө билим өз таанып-билүүсүн, табият жана социалдык дүйнө кандай түзүлүштө, андан оз ордуңду жана ролуңду табуу калыптандырат. Экологиялык билим башкаларга жетүүгө негиз катары кызмат кылат.
Жергиликтүү аймак менен байланышкан билим берүү концепциялары жана жолдору жаш муундарды жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алган экологиялык аң-сезимдүү жаран кылып тарбиялайт.

Жергиликтүү аймак менен байланышкан билим берүүнү өркүндөтүүчү Таалим-Форумдун пилоттук/эксперименталдык долбоорлору мектеп окуучулары жана студенттер, мугалимдер менен окуутуучулар аркылуу ишке ашып, окутуудагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөгө багытталган. Бул окутуу окуу имаратынын дубалынан чыгып окутуу, төрт дубал ичинде окуучу өзүн эркин сезбейт, көзөмөлдөө менен басым жасоону сезет. Долбоордун идеясы мектеп окуучулары, студенттер колдорун, буттарын, көз, кулак жана башка сезүү органдарын колдонуу менен өз мекенин таанып-билүүгө арналган.
Бул долбоордо курчап турган дүйнөнү сезим-туюм менен кабыл алууга умтулабыз, аймак менен пикир алышуу аркылуу социалдык жана табигый чөйрөнүн бири-бири менен болгон байланышын көрсөтүү.

Студенттер менен окуучуларга төмөнкүдой мүмкүнчүлүктөр ачылат:
• Өздөрү жөнүндө көбүрөөк билүү, туулуп-өскөн мекени, жергилтүү аймак менен өз байланыш тамырын билүү;
• Адам менен жаратылыш мамилелеринин эриш-аркактуулугун жана тен салмактуулугун сактоодо оз жоопкерчилигин туюу;
• Жерди сыйлоо сезимин туюу;
• Жеке жүрүш-турушун өзгөртүү аркылуу активдүү позицияга ээ болуу жана экологиялык аң-сезимин өнүктүрүү.

Биздин умтулган аракетибиз окуучулар менен студенттерди инсандык деңгээлде өзгөрүүсүнө багыттоо, андан ары аларды курчаган чөйрөдө жана коомдо өзгөрүүлор болушу зарыл. Биздин ишибизге кызыккан адамдарга, мектеп мугалимдери жана уюмдар үчүн эшигибиз ачык.
А.Жумабаеванын “Экологиялык билим берүүдө жергиликтүү аймак менен байланыш” аттуу макаласынан толугураак таанышсаңар болот.

Жергиликтүү аймакта билим берүү жолдорун өркүндотүү боюнча долбоорлор:

“Жергиликтүү аймак менен байланышкан билим берүүнүн жолдорун өркүндөтүүнү окутуучулардын, мугалимдердин, изилдөөчүлөрдүн жана студенттердин арасына жайылтуу” долбоору (2007). Долбоор Кристенсен фонду тарабынан колдоого алынган. Долбоордун чегинде Кыргызстандык, Казакстандык жана Тажикстандык окутуучулар, мугалимдер жана студенттер үчүн семинар өткөрүлгөн, ошондой эле 7 изилдөө долбоорлору ишке ашырылган. Чакан долбоорлор жөнүндө толугураак.

Саламатсыңбы, туулган жерим!» мектеп долбоору. Толугураак

o «Саламатсыңбы, туулган жерим!» мектеп долбоору (2007)
o «Саламатсыңбы, туулган жерим!» мектеп долбоору (2008)
o «Саламатсыңбы, туулган жерим!» мектеп долбоору (2009)
o «Саламатсыңбы, туулган жерим!» мектеп долбоору (2010)
o Студенттер үчүн жайкы экологиялык семинар (2009)
o «Кыргызстандын экологиясы студенттердин кѳзү менен» студенттик тегерек столу (2009)
o «Экологиялык билим берүү мектепте: проблемалар жана чечүү жолдорун издѳѳ» мектеп мугалимдери жана ЖОЖнын окутуучулары үчүн экология сабагын окутуунун проблемалары боюнча семинар (2009)
o «Кыргызстанда экологиялык билим берүүнү ѳнүктүрүү маселелери» ЖОЖда экология окутуучулары үчүн семинар (2009)
o “Биригүү аркылуу билим берүү” тегерек стол (2010)
o Мектеп мугалимдери үчүн жергиликтүү аймакка байланышкан окутуунун методикасы боюнча үйрөтүүчү семинар-тренинг жана окуучулар менен мектеп долбоорун өткөрүү (2010)