fb n  

  • This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
  • 0 312 298681
01slider

2016-жылдан баштап «Таалим-Форум» коомдук фонду Памир жана Тянь-Шанда экологиялык билим тармагын бекемдөө долбоору менен иш жүргүзүп келе жатат. Долбоор Кристенсен фонду  менен Леонардо Ди Каприо фонду биргелешип, илбирстерди кыруудан коргоп, алар мекендеген аймактардын жашоого ыңгайлуу шарттарын Памир, Тянь-Шань, Алтай жана Саян тоолуу ландшафтарын коргоо программасын ишке ашырмакчы.

«Таалим-Форум» коомдук фонду тоолуу аймактарда жашаган элдин экологиялык аң-сезимин жогорулатууга багытталган иш-аракеттерди иштеп чыгып, практикалык тажрыйба жүргүзүүдө, атай кетсек, мектептерде окуучулардын экологиялык билимин өстүрүү менен бирге, бул маселеге кызыккан мугалимдердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жумуштарын да аткарууда.

LOGO BARS-01 на сайт

Илбирс – бул сейрек кездешүүчү түр гана болбостон, көп элдердин түшүнүгүндө алар менен кошуна жашаган, ак карлуу тоолордун символу жана ыйык жаныбар. Ошондуктан окутуу программабызга тоолуу аймакты жердеген элдердин маданий жана руханий баалуулуктарын сактап калуунун экосистемалык жолдору негиз катары киргизилди. Заманбап жашоо-турмушту, экономиканы сындоо жана талдоого алуу аркылуу, маданият жана адам менен жаратылыштын бирдиктүү жашоосунун тажрыйбасында бузулуулардын болуп жаткандыгы, табийгатты багындыруу жана аны товарга айландыруу, кетирген каталарды түшүнүүгө жана өнүгүүнүн альтернативалык жолдорун табууга алып келиши зарыл.

Мугалимдер үчүн тренингдин программасын сыноо жана окуучулар үчүн эко-лагерь июль айында Памирде өткөрүлдү. Бул иш-чараларды өткөрүүгө «Куххои Помир» («Горы Памира») коомдук бирикмеси, анын жетекчиси Курбон Аламшоев активдүү колдоо көрсөттү. Анын демилгеси боюнча Памирде жапайы жаратылышты сүйүүчүлөрдүн клубу түзүлгөн жана учурда иштеп жатат.

Мугалимдерди үйрөтүүдө төмөнкүдөй маселелер коюлган: тоолуу экосистемаларды сактап калуу үчүн илбирстердин  маанилүүлүгү, алардын мекендеген аймактарын коргоонун маанилүүлүгү, айлана-чөйрөнү коргоо дегенде, бир бүтүндүктөгү экосистемалуу жолдорду жайылтуу, аймактын флора жана фаунасын сактоонун баалуулугун, салттуу экологиялык билимдердин ордун талкуулоо, ошондой эле, окуучуларды окутууда интерактивдүү көндүмдөрдү үйрөтүү. 

Беш күндүк «Жаратылыш – Маданият – Адам» тренингинде областтын төрт районунан түрдүү предметтердин мугалимдери, Хорог шаарынан окутуучулар менен изилдөөчүлөр, бардыгы 10 адам катышышты. Тренингден кийин 20 мектеп окуучулары үчүн беш күндүк эко-лагерь уюштурулуп, ага Тоолуу-Бадахшан областынын төрт районунан: Рошткалин, Ишкашим, Рушан, Мургабдан окуучулар келишти. Төрт мугалим жапайы жаратылышты сүйүүчүлөрдүн клубдарынын жетекчилери, алар тренингден алган билимдери аркылуу лагерди уюштурууга салымдарын кошуп, өз райондорунан келген окуучулары менен бирге болушту.

Лагерде окуучулар экологиялык оюндарга жана көнүгүүлөргө  катышышты, илбирстер, памирдеги элдердин салт-санаасы жана тарыхы, заманбап жашоодогу экономикалык проблемалар тууралуу документалдуу тасмаларды көрүп талкуулашты, анда биздин планетабыз жаралгандан азыркы учурга чейинки убакыт камтылган элестөө убактысын өлчөп, тоого чыгышты. Ар бир күн экскурсия жана кызыктуу адамдар менен жолугушууга арналды. Окуучулар салттуу жана кайталангыс памирдеги үйдү (chid), суу тегирменин көрүштү. Жергиликтүү кол өнөрчүлөр тери жана кийиз боюнча өз чеберчиликтерин жана устаканаларын көрсөтүштү. Даф аттуу байыркы музыкалык аспаптын, салттуу коңгуроонун жасалышы жөнүндө окуучулар кызыктуу уламышты угушту.

Сабактар жергиликтүү мектепте, мектептин короосунда өттү, балдар салттуу памирдиктердин үйүндө жашашты. Ал жер салтуу маданиятка жана тиричиликке аралашууга шарт түздү. Беш күндүк лагерь өзүнүн чоң программасы менен окуучуларга тоолуу экосистемалар жөнүндө билим алууга, алардын өз ара байланышы жана жаратылышка көз карандылыкты байкоого өбөлгө жаралды. Жаратылыштын тең салмактуулугун бузбастан, жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен катышуучулар туруктуу өнүгүү көз карашы боюнча өз кыштактарындагы экономикалык өнүгүү планын түзүштү. Мектеп окуучулары жергиликтүү адамдардан интервью алышып, өз бет ачарларын даярдашты. Мунун бардыгы өз экологиялык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууга жана жаратылыш менен адамдардын ишмердүүлүгүнүн тең салмактуулугун сактоонун зарылдыгын түшүнүүгө жардам болду. Катышуучулардын бири мындай деп жазган: «...таза азык-түлүк менен азыктануунун жана таза аба менен дем алуунун зарылдыгын, жаратылышты бузбай сактоо керектигин лагерден түшүндүм».

Кечке маал дафтын ритми менен мугалимдер менен окуучулар элдик ырларды ырдашты жана бийлешти. Акыркы кечте памирликтердин эски салты боюнча алоолонгон оттун тегерегинде айылдын тургундары: эркектер, аялдар, балдар, аксакалдар чогулушту. Бардыгы өз таланттарын ыр-бийден көрсөтүштү. Мектеп окуучулары бир нече күн чогуу болуп, достошуп калышкандыктан, бири-бири менен коштошуу кыйынга турду. Балдар ар түрдүү тилдерде сүйлөшкөндүктөрүнө карабай, бирлери – тажикче сүйлөшсө, дагы бирлери кыргызча, памирдиктердин тилдеринде сүйлөгөндөрү да болду.

Илбирстерди сактап калуу маселелерин талкуулаганда, жергиликтүү эл тарабынан аларды атып алган учурлар кездешери тууралуу билдик. Илбирстер мекендеген аймакка жакын жайгашкан айылдардын эли, илбирстер эң сейрек кездешүүчү, жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар экендигин билүүсү зарыл экендигин лагердин катышуучулары түшүнүштү. Мугалимдер илбирстер тоолуу экосистемалардын тазалыгын билдирүүчү индикатор экендигин; алар жашаган аймакты, алар азыктанган жандыктарды коргоонун зарылдыгын, ал эми мектеп окуучулары ата-бабалардын акылмандыгын баалап, илбирстерди тотемдик ыйык жаныбар катары коргоо зарылдыгын, аны келечекте эсине алуусу шарт деп баса белгилешти.

Мектеп окуучулары үчүн «Таалим-Форум» коомдук фонду иштеп чыккан үйрөтүүчү тренинг кызыктуу жана көп маалыматтуулугу менен тоолуу аймактардын тургундарын үйрөтүүдө жана мектептерде пайдаланууга болорун катышуучулар билдиришти. Памирдик окуучулар бул иштин уландысы катары Жапайы жаратылышты сүйүүчүлөрү клубу уюштурган экологиялык конкурстарга катышарын ырасташты. Тянь-Шандын тоолуу аймактарында жашаган мектеп окуучулары менен мугалимдерине ушул сымал окутуу иш-чараларын өткөрүү «Таалим-Форум» коомдук фондунун келечектеги планында бар.

25.Гармчашма-2016 84

Page 2