«Мураскерлер» деп аталган тасмалардын үч сериясы кыргыз элинин түпкүлүктүүлүгүнүн (руханий башаттарынын) жаралышы жана өнүгүшү каада-салттары менен күнүмдүк тиричилигинде сакталып калгандыгы тууралуу тартылган.
Тасмаларда салттуу билимдерди мурас катары сактап калган адамдарга коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн, маданий жана жаратылыштын көп түрдүүлүгүнүн тогошкон мезгилдерин, ошондой эле табигый көп түрдүүлүктү, аны сактап калуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө максатында тартылган.
Ар бир улуттун руханий жаңылануусу, биринчи иретте, өз маданияты менен тарыхына көз карашын өзгөртүү менен тыгыз байланыштуу. Бирок, ушул жаңылануу өнүгүүнү токтоткон тосмо болуп калышы да мүмкүн. Жүздөгөн жылдар бою рационалдуу жана тар материалисттик дүйнө тааным заманбап адам менен салттуу маданияттын ортосундагы ажырымды пайда кылып келген. Ошондуктан маданиятты жаңыланган түрдө кабыл алуу -- маданияттын унутта калган эшигин ачуу, ал эми аны сактоочу мураскерлер анын «ачкычы» болуп саналышат. Бул эшиктерди көндүм болгон кабыл алуу менен курчап турган дүйнөнү таануунун контекстинде табуу кыйынчылык жаратат. Элдик салттарды алып жүрүүчүлөр жана сактоочулар болбосо, биздин маданий байлыктар өз кооздугун жана мүмкүнчүлүктөрүн толук ачып бере албайт.