fb n  

   

   

  • This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
  • 0 312 298681
01slider

kaiberen-1

Режиссер Тилек Мураталиев тарткан "Кайберендин изи менен" аттуу документалдуу фильминин бет ачары

2014-жылдын 26-июнунда Бишкек шаарындагы К.Баялинов атындагы балдардын республикалык китепканасында бийик тоолорду мекендеген аркар, кулжалар тууралуу режиссер Тилек Мураталиев тарткан "Кайберендин изи менен" аттуу документалдуу фильминин бет ачары болот.
Фильм «Туруктуу өнүгүү стратегиялар институту» коомдук фондунун биомаданий түркүндүүлүктү өркүндөтүү долбоору аркылуу түндүк жана ички Тянь-Шандагы жергиликтүү демилгелерди колдоо менен, Кристенсен Фондунун (АКШ) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигинин каржылык көмөгү менен тартылган.


Коомчулуктун, өзгөчө Нарын жана Ысык-Көл областтарындагы тоолуу аймактардын тургундарынын көңүлүн кызыл китепке жазылган аркар, кулжаларды (Марко Поло) сактап калууга бурууга, аларды мылтыктардын түрлөрү менен атып жок кылган аесуз жырткыч-мергенчиликтен коргоо проблемасы фильмдин максаты болуп эсептелет. Фильмди тартууга даярдоо маалында жергиликтүү эл менен жолугуп, бул маселелердин масштабы жана деңгээли менен тааныштыгы тууралуу маалымат топтодук; эл ичинде сакталып калган салттуу билимдер, тоо жаныбарлары жана аларга мергенчилик кылуу жөнүндө сурамжылоо жүргүзүлдү, билерман эксперттерден да изилдөөлөр тууралуу сураштыруу иштери жүргүзүлдү. Фильм жаратылышка аяр мамиле жасоого, аны сарамжалдык менен пайдаланууга арналган, ата-бабалар айткан ыйык мурастардагы: жырткычтык менен жоготууларга тыюуларды эсине алууга, жергиликтүү эл өз мекениндеги табийгатты коргоого жигердүү киришүүсү зарылдыгына багыт берет.