fb n  

   

   

  • This email address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.
  • 0 312 298681
01slider

School14-февралда №84 орто мектепте («Ак-Өргөө» жаңы конушунда) «Таалим-Форум» коомдук фондунун өкүлдөрү 10-11-класстын окуучуларына Бишкек шаарынын экологиялык проблемалары тууралуу айтып беришти, «Жагымдуу шаар» документалдуу тасмасын көрсөтүштү жана викторина өткөрүштү. Викторинанын жыйынтыгы менен мектеп окуучулары «Таалим-Форум» коомдук фонду чыгарган «Кыргызстандын жандуу жаратылышы» балдар энциклопедиясын, ошондой эле бөбөктөрүнө боёмо китепчелерди алышты. Бул иш-чара «Билим кербени: табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» долбоорунун негизинде «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун демилгеси менен Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы, экологиялык уюмдардын активдүү катышуусунда өттү.

Мектеп окуучуларына тасма таасир калтырды, алар викторинага активдүү катышышты. Окуучулар жерибизди тазалыкта кармоо зарылдыгын баса белгилешти, бул иште жаштардын орду жөнүндө, өзүбүздөн кийин кийинки муундарга эмне калтырабыз деп ойлонууга чакырышты.

«Жагымдуу шаар» тасмасы: