Балдарга арналган китептерге кереметтүү сүрөттөрдү чагылдырып, кооздугун арттырган таланттуу сүрөтчү – Кульнар Рымбектин автордук көргөзмөсүн ачууга «Таалим-Форум» коомдук фонду колдоо көрсөттү. Көргөзмө 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө О.Мануйлованын мемориалдык үй-музейинде ачылды. Ага сүрөтчү айымдын бирге иштеген кыл калемдештери, өнөктөштөрү, искусство сүйүүчүлөр жана кичинекей окурмандар келишти. 14-июнга чейин баардык каалоочуларга көргөзмөнүн эшиги ачык.
Балдар сүрөтчүсү Кульнар Рымбек тарткан сүрөттүү ыр жана жомок китептерди ошол жерден сатып алууга болот. Баарыңыздарды көргөзмөгө чакырабыз!
View the embedded image gallery online at:
http://old.taalimforum.kg/index.php/kg/glavnaya/151-kyrgyzskij/459-kulnar-rymbek-s-r-tch-n-n-avtorduk-k-rg-zm-s#sigProGalleria81ef834d2d
http://old.taalimforum.kg/index.php/kg/glavnaya/151-kyrgyzskij/459-kulnar-rymbek-s-r-tch-n-n-avtorduk-k-rg-zm-s#sigProGalleria81ef834d2d