Луиза Маффи, «Терралингва», АКШ
www.terralingua.org/overview-bcd/
Жаратылыш дүйнөсү менен тааныштыгы бар ар бир адам бул жашоодо бардыгы өз ара тыгыз байланышта – жер жүзүнө тараган миллиондогон өсүмдүктөр менен жаныбарлардын түрлөрү жана алар жайгашкан экосистемалар бири-бирине таасир тийгизерин түшүнөт.
Ал эми, биз, адамдарчы? Миллиондогон жылдар бою биз да жаратылыштын бир бөлүгү элек, аны менен бирге өнүгүп, эволюцияларды башыбыздан кечиргенбиз. Жаратылыштын шарттарына ыңгайлануу аркылуу биздин ата-бабаларыбыз жашоо-тиричилик чөйрөсүнө көнүп-калыптануу үчүн узак жолдорду басып өтүшкөн, андан материалдык жана руханий азык алган. Жаратылыш жана бири-бирибиз менен эриш-аркакта, биз, адамдар, миңдеген түрдүү маданияттар менен тилдерди – өзүбүздүн уникалдуу болгон көрүү, таанып-билүү, жаратмандык жана сүйлөө жолдорубузду өнүктүрүп келдик. Миңдеген жылдар бою жергиликтүү маданияттар жана тилдер адамдар жашаган жерлер менен муундан муунга терең жана үзгүлтүксүз байланышып келди.
Бул жашоонун чырмалышкан байланышынын маңызы: жаратылыш менен маданияттын ар түрдүүлүгү жана эриш-аркактуулугунда. Аны биз “биомаданий ар түрдүүлүк” – жашоонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн жана көп кырдуу көркөмдүгүн айтабыз. Ар түрдүүлүк, жаратылыш үчүн да, маданият үчүн да планетага – биздин үйүбүзгө, бүгүнкү жана келечектеги муундарга жашоого туруштук берүү жана туруктуулукка ийкемдүүлүктү тартуулайт.
Биомаданий көп түрдүүлүк – бул баалуу тартуу, аны аярлап сактоо керек. Бул тартууга болгон бүгүнкү күндөгү биздин мамилебиз кыйратып жок кылуучулук болуп жатат. Глобалдык экономика, саясий күчтөр жана социалдык процесстер дүйнөлүк экосистемалардын жана түрдүү маданияттардын жашоосун тез арада жеп-жоготуп келетат, дүйнөдөгү тилдердин көп үндүү добушу басылып бара жатат. Биз ар түрдүүлүктүн бардык формаларынын кыйрашын байкап жатабыз. Жаратылыш менен маданият четинен ыдырап баратат, биздин биомаданий дүйнөбүздү алсыздантууда, адамдардын жана жандуулардын келечегин улам күдүктүү кылууда. Биз өзүбүз отурган бутакты ойлонбой эле кесип жаткансыйбыз.
Биомаданий ар түрдүүлүктү жоготуу биринчи кезекте, түпкү улуттар менен жергиликтүү коомчулуктарга сокку болот, ал ар биринин башына келет. Жаратылышта жана маданияттагы жашоонун ар түрдүүлүгүн коргоо жана калыбына келтирүү – биз кайда жана кантип жашагандыгыбызга карабастан, жалпыбыздын ишибиз болушу зарыл.
Биологиялык жана маданий көп түрдүүлүктүн ортосунда кандай байланыш бар?
Жер жүзүндөгү адамзаттын тарыхынын жаралышын адамдар үчүн жашоонун булагы болгон жаратылыш чөйрөсү менен: аба, суу, тамак-аш, дары-дармек, кийим-кече, үй, жана башка материалдык буюмдарды физикалык, физиологиялык, руханий жактан камсыздоо үчүн тыгыз байланыштырышкан.
Өз чөйрөсүнө жашоо-тиричиликтик көз карандылыгын, мезгили келгенде адам коомдору жергиликтүү өсүмдүктөр, жаныбарлар жана жаратылыш процесстери тууралуу билимдерди абдан кылдат өнүктүрүшкөн. Алар жаратылышты аздектеп сактоо менен болгон байланышка басым коюшкан, жашоо үчүн керектүү болгон маданий баалуулуктар жана практиканы өнүктүрүшкөн.
Жергиликтүү билимдердин ар түрдүүлүгү, баалуулугу жана тажрыйбасы жер бетинде адамдар сүйлөгөн миң түркүн тилдер аркылуу чагылдырылып берилүүдө. Дүйнө жүзүндө 7000 ге жакын түрдүү тилдер бар, алардын ичинде – көптөгөн түпкү улуттардын жана жергиликтүү коомчулуктардын эне тилдери бар. Дүйнө элдеринин жарымынан көбү бир же бир нече популярдуу 25 тилдердин биринде, кытай, испан, англис, хинди, португал, орус ж.б. тилдерде сүйлөшөт. Калган 6975 тилде калктын экинчи жарымы сүйлөйт. Бул көрсөткүчтөрдөгү: тилдер, билимдер жана курчап турган чөйрө терең жана үзгүлтүксүз бири-бири менен байланышып тургандыгынын белгиси. Жер жүзүнүн ар бир бурчунда, жергиликтүү жаратылыш чөйрөсү байырлаган тургундарын багат, ага жооп катары өз жергиликтүү чөйрөсү аркылуу маданиятында жана тилинде сиңирилген салттуу даанышмандыкты жана тажрыйбаларды сактап келишет.
Өз жашоо чөйрөсү менен материалдык жана руханий байланыштарынын мындай карым-катышы түпкүлүктүү жана жергиликтүү коомчулук үчүн дагы эле мүнөздүү. Көптөгөн муундар тарабынан жыйналган салттуу экологиялык билимдер жана тажрыйбалар түпкү элдер менен жергиликтүү коомчулуктарды уникалдуу көндүмдөрдүн ээлери, өздөрү жашаган экосистемаларды сактоочу барктуу адамдар катары мүнөздөйт. Түпкүлүктүү жана жергиликтүү тилдер бул билимдерди ылайык келген коомдук жүрүш-турушка, тажрыйба жана инновацияларга сактап жана жеткиришет.
Мерчемдүү бир жердеги тилдердин, билимдердин жана ар бир чөйрөнүн карым-катышы адамзаттын маданиятынын жана тилинин түркүндүгү менен жаратылыштын ар түрдүүлүгү (био ар түрдүүлүк) географиялык таралышы менен шайкеш келип, глобалдык картинаны чагылдырат. Муну картадан жакшы көрүүгө болот био ар түрдүүлүктүн мол болгон аймагы тилдик жана маданий ар түрдүүлүк аймактары менен дал келет.
Жашоонун чырмалышуусунун маңызы мында, адамды жаратылыштан бөлүп кароого болбойт, ошондой эле глобалдык биосфера жашоо чөйрөсү менен терең эриш-аркактагы тилдердин жана маданияттын глобалдык тармагынан тышкары жашабайт. Биздин түпкү биримдигибиз – биомаданий көп түрдүүлүктө.
Биомаданий көп түрдүүлүктө бүгүн эмне болуп жатат?
Биомаданий көп түрдүүлүктүн жоголуп бараткандыгы тууралуу көпчүлүктүн тааныштыгы бар – жер жүзүндөгү өсүмдүктөр таңдантуучу ар түрдүүлүгүн, ал эми жаныбарлар түрлөрүн жоготууда. Жашоо менен камсыз кылган экосистемалардын акыбалы начарлоодо. Биологдор ырасташкандай, биз жер жүзүнүн алтынчы жолку массалык кыйроосунда турабыз, мындан мурункусу 65 миллион жыл мурун болгон, анын кесепетинен динозаврлар жок болушкан. Изилдөөчүлөрдүн айтуусунда, кыйроолор адамдардын ишмердүүлүгүнөн гана жаралууда, натыйжада экосистемаларды бузуу жана миң-миңдеген жандуу жандыктардын жоголушуна алып барат.
Ошону менен бирге, башка дагы кыйрап жок болуу жүрүп жатат, бул жөнүндө көпчүлүктүн оюуна да келбейт. Биологиялык түрлөрдүн жок болушу менен катар адамзаттын улуттук тилдери менен маданиятынын да массалык жок болуу коркунучу бар. Акыркы он жылдыкта антропологдор жана лингвисттер глобалдык процесстерден улам, бир гана маданиятты, басымдуу колдонулган тилдерди пайдалануудан улам (англис, испан, кытай), маданияттардын жок болуп кетүү трагедиясы менен тилдердин жоголуп кетүү коркунучу тууралуу бизге эскертип келишет.
Жакынкы мезгилге чейин бизде бул кризистин чектери жөнүндө системалуу маалыматтар болгон эмес. Изилдөөчүлөр тигил же бул тил жоголуптур, баланча тилде сүйлөгөн акыркы адам көз жумуптур, же түкүнчө аборигенндик маданият ассимиляция коркунучуна кептелди деген сыяктуу айрым маалыматтарга гана таяна алышкан.
“Терралингва” уюму дүйнөлүк ар бир тилди алып жүрүүчүлөрдүн санынын өзгөрүшүнө таянган Тилдик Ар түрдүүлүк Индексин (ИЯР) иштеп чыгышкан. Анда 1970-жылдардан баштап, глобалдык тилдик ар түрдүүлүк 20% азайгандыгы көрсөтүлгөн. Бул элдин көпчүлүк бөлүгү өз эне тилдеринен баш тартып, басымдуу көпчүлүк колдонгон тилдерге өткөндүгүн билдирет, кичи тилдер жаңы муундарга берилбей, эне тилин үйрөтүү байланышы үзүлгөн.
Жапайы жаратылышты Бүткүл дүйнөлүк коргоо фондунун жандуу планетанын Индекси аркылуу көрсөтүлгөн ИЯРдын эсептөөлөрү, Глобалдык тилдик ар түрдүүлүктү жоготуп алуу тенденциясы мезгили жактан глобалдык биомаданий ар түрдүүлүктү жоготуу тенденциясы менен дал келет. Бул жаратылыш тармагындагы процессттер менен маданият жаатындагы өзгөрүүлөрдүн байланыштуулугунун дагы бир далили.
Тилдик ар түрдүүлүктү бузуу менен бирге салттуу экологиялык билимдердин пласты бузулат. Мына ушул себептерден улам “Терралингва” жашоого туруштук берүүгө ыңгайлашуу Индексин иштеп чыкты, ал салттуу экологиялык билимдерди берүүнүн өзгөрүүлөрүн мезгилдин өтүшү менен көзөмөлгө салат, ошондой эле салттуу экологиялык билимдерди жок кылууга таасирин тийгизген факторлорду аныктоого жардам берет, тилди алмаштыруу, формалдык билим берүү системасы, курчап турган чөйрөнүн деградациясы, башка жакка ооп кетүү жана башкалар.
Био ар түрдүүлүктү жоготуу. Экосистемаларды жоготуу. Биз жашообузду камсыз кылган системаны тездик менен жоготуп жатабыз. Анын үстүнө, жер жүзүндө - биз жашоо кечире турган жалгыз үйүбүздө, кантип жашообуз керектиги тууралуу айтып бере турган адамзаттын билимдерин жана тил байлыктарын жоготуп алуу коркунучу кошулду. Салттуу маданияттардын жана тилдердин азайышы, жаратылыш чөйрөсүнүн жакырданышы менен биздин жалпы “кол тийгис запас” начарлоодо.
Биз эмне үчүн биомаданий ар түрдүүлүктү жоготуп бара жатабыз?
Адамзаттын маданияттары жана тилдери, ошондой эле биологиялык түрлөр статикалык эмес. Алар табигый түрдө мезгилдин өтүшү менен түрүн өзгөртөт. Бардык адамзат маданияттары өзгөрүлмөлүү шарттарга ыңгайлашууга жана жаңы проблемалардын чечилишин табууга жөндөмдүү. Бардык адамзаттын тили жаңы коммуникациялык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн өнүгүүгө жөндөмдүү. Өзгөчөлүгү: биологиялык түрлөр, адамзат тилдери жана маданияттарынын өзгөрүү жана эволюциялануусу үчүн убакыт керек. Адатта, бул процесс жай жүрөт, анча деле байкала бербейт, акырындык менен, муундан-муунга жаңы чакырыктарга жана мүмкүнчүлүктөргө жараша жаңы нерселер тууралуу айтуу жолдору табылган.
Бирок бүгүн бул нерселер мурдагыдай өнүкпөйт. Глобалдык экономикага, саясатчыларга жана социалдык системаларга “чыныгы чырмалышкан жашоого” үстөмдүгүн жогорулатып, өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы менен масштабдары ылдамдады. Дүйнө жүзүнүн алдында турган бул күчтөр жана өзгөрүүлөр жаратылыштык жана маданияттык системалардын табигый ыңгайлануусунан бир топ алдыга озот. Басымдуулук кылган, туруштук кыла албаган жашоо образын алдыга жылдыруу менен, бул күчтөр дүйнөдөгү ар түрдүү экосистемалардагы, тилдердеги жана маданияттардагы жашоонун күч-кубатын бузат, тышкы таасирлерге каршылык кылуу жөндөмдүүлүгүн бузат.
Тездиктеги глобалдык өзгөрүүлөр түпкүлүктүү тургундарды жана жергиликтүү коомдорду жерлеринен сүрүп, ресурстардан кол жуудурат жана салттуу жашоо-тиричилигин бузат; аларды деградацияланган жерлерде жашоого аргасыз кылышат; алардын маданий салттарын бузууга же аларга кайрылууга жолтоо кылышат; лингвистикалык ассимиляцияга жана өз ата-бабаларынын тилинен баш тартууга аргасыз кылышат.
Өз тилин жана маданий окшоштугун жоготкон адамдар жаратылышты аздектөө жана түшүнө билүүгө үйрөткөн социалдык процесстин маанилүү элементин жоготушат. Мунун акыры адамдардын жакшы турмушу үчүн, жаратылыш чөйрөсүнүн акыбалы үчүн өзгөчө таасирлүү. Түпкү улуттардын жана жергиликтүү коомдордун маданияттарындагы жана тилиндеги мажбурлап киргизилген кайра түзүүлөр адам укугун эле бузуу болбостон, алар жаратылышты коргоонун максаттарын бузууга да алып келет.
“Мономаданий ой жоруунун” акыры да ушундай эле натыйжага ээ болот, жаратылыштагы мономаданият сыяктуу эле: биздин планетабызды жаратылыш кырсыктарына, адамзаттын ишмердүүлүгүнөн жаралган кризистерге туруштук бере албас алсыздыкка алып келет. Бирок үстөмдүк кылган идеология бүгүнкү күндө бул реалдуулукту четке кагат, ар түрдүүлүктүн органикалык биримдигинин ордуна, көзөмөлгө алууга мүмкүн болгон бир түрдүүлүккө умтулат.
Бизди эмне үчүн биомаданий көп түрдүүлүгүбүздү жоготуп алуу тынчсыздандырат?
Биздин тынчсыздануубуздун жашообузга эң зарыл болгон себептери бар. Биринчиден, уникалдуу жашоо-тиричилик образдарынан айрылабыз, тилдер жана адамдардын дүйнөлүк ар түрдүүлүгү окшоштугу жоголот. Бул адам укугунун маселеси. Ар бир адам мурунку турмуш менен байланышын кабыл алуу же өнүгүү жолун жеке өзү тандап алууга укуктуу. «Келечекке ата-бабаларынын изи менен кетүү» ар бир адамдын өз укугу.
Адамзат үчүн маданият жана лингвистикалык ар түрдүүлүктү жоготуп алуу жалпысынан жамааттык адамзаттык мурастардын кескин азайышына алып келет: адам болуу деген эмнени түшүндүрөт – «Мен – адаммын» деп айтуунун миң түрдүү жолдору бар.
Экинчиден, биз адамзаттын жашоосу үчүн зарыл болгон ар түрдүүлүктү жана башка түрлөрдү жоготкондой эле, био ар түрдүүлүктү сактап калууга көмөк берген салттуу билимдердин байлыгын да жоготуудабыз. Бул жашоо үчүн күрөшүүнүн маселеси. Кризис маалында биз чың экосистемаларга муктаж болобуз. Ошондой эле, планетабыздагы бардык добуштарга жана Жер жүзүндө канткенде туруктуу жашай аларыбызды айткан ата-бабаларыбыздын даанышмандыгына терең муктаждыгыбыз бар.
Адамзаттын жарымынан көбү шаарларда жашашат, жаратылыш чөйрөсү менен түз контакт жок, аны менен биздин үзгүлтүксүз жана андан алыстай албаган биримдигибизди аңдай беришпейт. Ошондуктан көпчүлүгүбүздү бул маселелер анча тынчсыздандырбайт. Муну кээ бирлер жаратылыш чөйрөсүндөгү “тынчсыздануунун жок болушу” деп да аташат. Көбүнчө шаардын тургундары, өзгөчө балдар “жаратылыштын жетишсиздиги менен жабыркашат”.
Мына ушул үчүн биомаданий ар түрдүүлүк керек. Бизге, жаратылыш чөйрөбүздүн балансынан чыгып кеткендигибизди, биз бири-бирибизден ажырап кеткендигибизди эскертип туруу керек. Бизге адам болуунун башка жолдору – жаратылыш менен гармониялуу болгон башка жолдору бар экендигин эскертип туруу керек. Биз көптөгөн адамдардын айткандарынан сабак алышыбыз зарыл.
Биомаданий көп түрдүүлүктү жоготуу жашоонун бүтүндөй материясын бир топ алсыздандыруу дегенди түшүндүрөт, биздин жалпы келечегибизге абдан зарыл болгон чырмалышкан бири-бири менен байланышуу. Жер жүзүндөгү жашоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жоготуу дегенди түшүндүрөт. Бул абдан зарыл учурдагы биздин жашоого зарыл камсыздообузду жоготуу.
Бул өзүн-өзү жоготуу. Бул бардыгыбызды чарпып өтөт, кайсы жерде, кандай жашаганыбызга карабайт. Азыр да кеч эмес, ойлонолу!